Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат.

Митингге жалпысынан миңден ашык адам катышууда. Алар  өкмөттөн соода-логистикалык борборду куруу жөнүндө токтомун  жокко чыгарууну талап кылышууда.

Айрым митингчилер токтом жокко чыгарылбаса Бишкекке келип митингге чыгууга даяк экенин айтышты.

Жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында сүйлөп жатып, “элди 20-30 киши дүрбөтүп жатат,  жергиликтүү эл каршы эмес” деп айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>