Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат.
Митингге жалпысынан миңден ашык адам катышууда. Алар өкмөттөн соода-логистикалык борборду куруу жөнүндө токтомун жокко чыгарууну талап кылышууда.
Айрым митингчилер токтом жокко чыгарылбаса Бишкекке келип митингге чыгууга даяк экенин айтышты.
Жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында сүйлөп жатып, «элди 20-30 киши дүрбөтүп жатат, жергиликтүү эл каршы эмес» деп айткан.