Site icon Reporter.kg

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат.

Митингге жалпысынан миңден ашык адам катышууда. Алар  өкмөттөн соода-логистикалык борборду куруу жөнүндө токтомун  жокко чыгарууну талап кылышууда.

Айрым митингчилер токтом жокко чыгарылбаса Бишкекке келип митингге чыгууга даяк экенин айтышты.

Жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында сүйлөп жатып, «элди 20-30 киши дүрбөтүп жатат,  жергиликтүү эл каршы эмес» деп айткан.

Exit mobile version