Ат-Башыдагы логистикалык борбор канча жылда курулуп бүтөөрү маалым болду

Ат-Башыдагы логистикалык борбор канча жылда курулуп бүтөөрү маалым болду

Ат-Башы районундагы  логистикалык борбор жети жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу Инвестиция тартуу агенттигинин өкүлү Жалын Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда борбордун техникалык долбоору түзүлүүдө.

«Инвестициялык келишимге кол коюла элек. Анда бардык талаптар көрсөтүлөт. Эгер инвестор талаптарды аткарбаса келишим жокко чыгарылат. Талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат», — дейт ал.

Борбордун курулушуна 176 гектар жер берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>