Ат-Башыдан чуркап чыккан жөө күлүк Осмонбеков бүгүн Бишкекке жетет

Ат-Башыдан чуркап чыккан жөө күлүк Осмонбеков бүгүн Бишкекке жетет

Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын 45 жаштагы тургуну. Ал Бишкек шаарына чуркап келе жатат. Бул тууралуу анын сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланууда.

Оболбек Осмонбеков 19-июнь күнү сапарын саат 8:30да Талды-Суу айылынан баштаган.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев жөө күлүк Осмонбеков бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарына саат 16.00дөр чамасына жетип каларын Фейсбук баракчасына жазды.

«Саат 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда жолугушабыз. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылынан жөө чуркап чыккан Оболбек мырза, бүгүн, 24-июнда саат 16:00-17-00 чамасында Бишкек шаарына жетери күтүлүүдө.

Учурда 400 чакырым жол артта калды. Өйдөдө айтылган убакытта кудай буюрса калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы «Спартак»  стадионунда жолугушабыз.

Көрүшкөнчө, Бишкек шаары», — деп жазган басма сөз катчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>