Ат-Башыдан чуркап келе жаткан жөө күлүк Бишкекке жетти — сүрөттөр

Ат-Башыдан чуркап келе жаткан жөө күлүк Бишкекке жетти — сүрөттөр

Беш күндөн бери Ат-Башыдан борборду карай жөө чуркап келе жаткан Оболбек Осмонбеков Бишкекке жетти. 

Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын 45 жаштагы тургуну 19-июнь күнү саат 8:30да жолго чыккан. Беш күн боюу жөө күлүктүн сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, элдин бүйүрүн кызытууда.

Оболбек Осмонбековду Бишкектеги борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон журналисттер жана спорт агенттиги менен РСК банкынын өкүлдөрү белек, кубок, мактоо баракчасы менен тосуп алды.

Мындан сырткары, спорт агенттигинин дарыгери да жөө күлүктү күтүп алып, медициналык кароодон өткөрдү.

[su_image_carousel source=»media: 32445,32446,32447,32444,32443,32442,32441,32440,32439,32438,32437,32436,32435,32448,32449″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>