Атаңды чакыр. Апасы балдарын уруп жаткан аялдын чоо-жайы аныкталды

Атаңды чакыр. Апасы балдарын уруп жаткан аялдын чоо-жайы аныкталды

Интернет тармактарына «Күйөөсүнө өчөшүп, аял балдарын сабап жатат» деген видео тараган. Ош ОИИБи видеодогу балдардын апасы делген келин балдарын токмоктогон эмес деп билдирди.

«Бул видеотасмадагы жаранды тактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, келин Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу. 1989-жылы туулган К.А. экендиги такталды. Ал видеотасма 2019-жылдын ноябрь айында Орусиянын Москва шаарында тартылгандыгы белгилүү болду. Бул келиндин балдары мектепте окуп жүргөндө «силердин атаңар башка аял алып алды» деп шылдыңдашкан. Мындан улам аялы балдарын алып, Москва шаарына барган. Алар барганда балдардын атасы жумуш боюнча башка жакта болуп, келин балдары менен бир апта туугандарыныкында жашап калган. Ошол убакта балдар ыйлаганын келин видеого тартып, күйөөсүнө жиберген. Анан ошол видео интернетке тарап кеткен. Азыркы учурда үй-бүлө балдары менен ынтымактуу жашап жатат.

Балдардын атасы бир топ жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Балдары атасын сагынып, ыза болушчу экен. Андан сырткары, ар кандай ушак-айыңдар айтыла бергендиктен, балдары ошол ушакка ызаланып ыйлаган учурун апасы тартып, атасына жөнөткөн. Тактап айтканда, үй-бүлө 8-ноябрдан бери бирге жашап жатат. Интернет тармакка таркаган видеотасманы бул үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу үчүн ортодо башка жаран чыгарып жибергендиги тастыкталды», — деди басма сөз кызматынан.

Булак: «super.kg»

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>