Ата-энеси үйлөнүүсүнө каршы болгон кыз-жигит Жапаровдон жардам сурады – видео

Ата-энеси үйлөнүүсүнө каршы болгон кыз-жигит Жапаровдон жардам сурады – видео

Интернетке ата-энеси үйлөнүүсүнө каршы болгон кыз-жигиттин Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылган видеосу тарады. 

Алар бири-бирин жакшы көрөрүн, бирок ата-энелери милицияга кайрылып чуу кылып жатканын алардын чакан үй-бүлөсүн түптөөгө жардам берүүлөрүн суранышкан. 

Белгилүү болгондой аталган видеодогу кыз-жигит Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Катта-Тал айылынын тургундары. Алар 22-сентябрда чогу качып кетишкен. Жигит 21 жашта болсо, кыз 19 жашта. 

Кызын ала качып кеткендиги боюнча кыздын апасы арыз менен кайрылган. Милиция бул окуяны  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «кыз ала качуу» беренеси менен каттап, кыз-жигитти издеп жатышканы белгилүү болду.

Алдын-ала маалыматтар боюнча алар Кыргызстандан чыгып, азыр коңшу олколөрдүн биринде жүрүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>