Ата-энеси каза болгон 7 бир тууганга онлайн окуу үчүн сыналгы, телефон берилди

Ата-энеси каза болгон 7 бир тууганга онлайн окуу үчүн сыналгы, телефон берилди

Жалал-Абад ОИИБинин билдирүүсүнө ылайык,  Базар – Коргон районунда  ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун жана жоруктардын алдын алуу максатында «Укук, тартип» аталышындагы 2 күндүк профилактикалык иш-чарасы өткөрүлгөн.

Анын алкагында паспорттук эреже боюнча 167 кожолуктан турган  835 жаран текшерилген.

Рейд учурунда ар түрдүү укук, тартип бузуулар аныкталып, 63 адамга административдик протоколдор түзүлгөн.

Ошондой эле  участкалык инспекторлор тарабынан профилактикалык каттоодо турган адамдар текшерүүгө алынып, жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлгөн. Милиция кызматкерлери Арстанбап айыл аймагында жашаган бир туугандарга онлайн окууларга катышууга керектелүүчү сыналгы, чөнтөк телефон, азык-түлүк жана шириндиктерди тапшырышкан.

[su_image_carousel source=»media: 39653,39652,39650,39649,39648″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>