Site icon Reporter.kg

Ата-энесинен айрылган балдарга пенсия жогорулатылды

Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ага ылайык, багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып — 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Соцфонддун болжолдуу маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкон – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам бар.

Exit mobile version