Site icon Reporter.kg

Жаштарды канатына калкалаган «Ата-Мекен” шайлоодо жеңишке жетеби?

Жогорку Кеңештеги VI чакырылыштын мөөнөтү аяктаган сайын Кыргызстанда саясий абал кызып, саясий күчтөр парламенттик шайлоонун камын көрүп баштады. Буга чейин кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленгени менен, пандемиядан улам шайлоо өз убагында өтөөрү азырынча белгисиз. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына карата шайлоо жарышы качан болорун так айта элек.

Деген менен, айрым саясатчылар менен саясий партиялар өздөрүнүн ураандарын айтып, коомчулукта жанданып, убадаларын бере башташты. Кээ бири «Биз коррупция менен күрөшөбүз» деп ачык айтып чыгышууда. Коррупционерлер менен күрөшөбүз деп алгачкылардан «Үмүт 2020» кыймылы чыкса,  ага утурлай эле «Чоң Казат» кыймылы чыкты.

Жакында эле «Ата-Мекен» партиясында чоң өзгөрүү болду. Анда КЛДП, «Ата-Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем» саясий партиялары, «Жашыл Күчтөр» партиясынын мүчөсү Азамат Темиркулов жана КСДПнын кээ бир депутаттары «Ата-Мекендин» кызыл туусунун алдына биригишти. Алар парламенттик шайлоого бирге аттанарын, мыйзамсыз иштер менен бирге күрөшөрүн жар салышты.

Буга чейин Жанар Акаев КЛДП партиясы менен шайлоого катышарын билдирген. Бирок саясатчынын пикири өзгөрүп, башкалар менен биригүүнү чечкен.

Жанар Акаевдин мындай кадамын саясат таануучу Марс Сариев, «биригүү болбосо, жаш саясатчынын парламенттеги эңсеген креслосуна кайра баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт» деген баамдоосун биздин сайтка билдирген.

«Жанар Акаев же башка деле саясий фигуралар өз алдынча парламенттик шайлоого барышса, керектүү добушту топтой албай, утулуп калышы мүмкүн. Анткени биригүү менен алар бири-бирин толуктап турушат. Бул партия азыркы бийликтен четтеген саясатчыларды чогултту, ошондой эле алар бийликти колдобогон электоратты алышты. Белгилеп кетсем, парламентке бийликке өтө оппозиция болбогон партиялар өтөт. А бирок булар «оппозиция» болобуз деп айтышты. Тырмакчанын ичиндеги сөз барына түшүнүктүү. Анткени бул ойлонулган кадам. Себеби коомдо Өмүрбек Текебаевдин рейтинги жакшы, анын саясаттагы орду бир топ «мушкерди» жеңет. Ал эми Жанар Акаев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттардын ичинен жигердүү иштегени, анын да өзүнүн электораты да бар. Акаевди өкмөттүк эмес уюмдардагы жаштардын көбү колдойт. Бирок кандай болсо дагы өкмөттү колдогон парламент түзүлөт», — дейт Сариев.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин айтымында, шайлоо алдында бул сыяктуу биригүүлөр сөзсүз түрдө болушу зарыл. Антпесе добуштар ондогон топторго бөлүнүп, жыйынтыктуу өзгөрүүлөр болбойт.

“Бирок мурдатан келе жаткан “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” партияларына, жаштардын көңүл буруусуна ээ болгон КЛДП партиясынын же жаштардын кошулганы көптөрдүн нааразычылыгын туудурушу мүмкүн. Бирок саясий күчтөр эч ким менен бирикпесе анда реалдуу өзгөрүүлөр дагы болбойт, ошону түшүнүүбүз керек”, – деди ал.

Ал эми тажрыйбалуу саясатчылар менен жаштардын биригишин адашуу катары кароо туура эместигин белгилеп өттү.

“Ата-Мекен” партиясы өзүнүн тарыхый жолунда көптөгөн жылдар бою бийликке оппозиция катары, саясий коопту маселелерде талаштуу пикирде болуп келгени белгилүү. Ал эми “Ак-Шумкар” партиясы тууралуу сөз башка. Темир Сариев салмактуу саясатчы болгону менен, анын партиясы бир дагы жолу өз алдынча шайлоодо жеңишке жеткен эмес. Жанар Акаев баштаган жаш саясатчылар такшалып калган саясатчылардын алдында жок болуп кетет деп коркпош керек. Алардын эски саясатчыларга кошулушу адашкандык же алдангандык эмес, бул ошол саясатчылардын чечимдери. Буга объективдүү баа берүүгө үйрөнөлү. Бул жаңы саясий топтун буга чейинки айрым партиялар сыяктуу биригип андан соң бөлүнүп кетпеши үчүн алар өздөрүнүн саясий багыттарын, идеяларын  ачык түрдө элге тартуулап, ошонун негизинде иштеп жатканын көрсөтүп турушу зарыл. Бүгүнкүдөй кол коюу, сүрөткө түшүү менен чектелип калбашы керек. Эгер активдүү аракет жок болсо анда саясий көз караштардын төп келүүсү дагы болбойт. Анда алар бат эле тарап кетет”, –деди Жураев.

Ал эми Кыргыз Либерал-демократиялык партиясынын тең төрагасы Сейтек Качкынбай  тажрыйбалуу саясатчылар менен прогрессивдүү жаштарды негизги эки максат бириктиргенин билдирди.

“Биринчиден идеялогиялык көз караштар себеп болду.  Анткени баарыбыз либералдык, демократиялык баалуулуктарды карманабыз жана заманбап мамилекет куралы деген максатыбыз бар. Аларга Децентрализация маселеси, облустарды жоюу жана мамлекеттик мекемелерди кыскартуу ж.б тармактарда реформа жасоо боюнча көз караштарыбыз дал келип олтурат.

Экинчиси ― шайлоодогу пайыздык босого. Анткени 7 пайыздык босогодон өтүү үчүн 140 миңдей добуш алуу керек. Бул аябай чоң. Эгер 118 миң добуш алсаң, ара жолдо калуу коркунчу жогору. Дал ушул коркунучтарды азайтуу үчүн кызматташууну максат кылдык”, – деди Качкынбай.

Жогоруда айтылган биригүүдөгү саясатчылар кол койгон декларацияда «Ата-Мекен» партиясы «Жаңы Дем» деген ураан менен парламенттик шайлоого аттанат. Бул партиянын катарында Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, активист Тилек Токтогазиев бар.

 “Биздин максат – Кыргызстаныбызга жаңы дем бере турчу саясий күчтөрдү жаңылоо. Ошондой эле биз башка саясий партиялар менен жана жарандык коом менен конструктивдүү кызматташабыз деген ойдобуз”, — деп жазылат алар кол койгон декларацияда.

Бирок көпчүлүгү бул биригүүгө ишенбөөчүлүк менен карап жатышат, анткени жаңы партия болгонуна менен курамындагы мүчөлөр эски. 2010-2015-жылдардагы бириккен партиялар өтө чоң эмес рейтинг көргөзүшкөн. 2015-жылы «Ата Мекен»  7 пайыздык босогодон 0,57% менен Жогорку Кеңешке акыркылардын болуп өткөн. Ал эми 2010-жылы 10 пайыздан ашыгыраак топтой алган. Ошол эле жылы Темир Сариевдин «Ак Шумкар» партиясы 3 пайыздан кем эмес топтой алган.

Азыркы учурда «эски карышкырлар» прогрессивдүү жаштарга өздөрүүнүн баалосун коюуда. Себеби, аталган партиянын лидери кылып депутат Жанар Акаевды бекитишкен.

Бул партиянын парламенттик шайлоодо жеңип чыгат дегенге ишеним аз. Көпчүлүк мурдагы эле саясатчылар жаштардын артына жашынып, парламенттен орун ээлөөнү көздөп жатышат дешүүдө. Бирок бул ой канчалык деңгээлде чын экенин убакыт көрсөтөт. Анткени шайлоонун саясий оюндары дагы бар экенин эстен чыгарбайлы.

Exit mobile version