Site icon Reporter.kg

Ата мекендик унаа өндүрүшү: MADE KG унаалары борбор калаанын көчөлөрүн каптайт

Кыргызстанда «Тулпар Моторс» заводу чыгарган Isuzu жүк ташуучу унааларын «Шоро» компаниясына тапшыруу аземи болду. Иш-чара 14-мартта Беловодск айылында өттү. Анын алкагында өлкөдөгү унаа өндүрүшүнүн келечеги, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун ролу жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.

«Акчабар» жазгандай, Isuzu NPR 75 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын шассисинин баасы 35,4 миң доллардан башталып, соңку баасы кошумча жабдыктарына жараша болот. Кардар кузовдун бир нече түрүн, анын ичинде азык-түлүк ташуу үчүн темир фургон, изометриялык контейнер же рефрижераторду тандай алат.

«Изометриялык фургондор компанияларга, маселен “Шорого” жайында суусундуктарын муздак бойдон, кышында тоңдурбай ташууга мүмкүндүк берет. Бул продукциянын сапатын сактоого жардам берет», — дейт унаа чыгарган ата мекендик «Тулпар Моторс» заводунун директору Мирбек Дубанаев.

Жабдыктарына жараша жүк ташуучу унаанын баасы 100 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.

«Тулпар Моторс» заводу 2024-жылы 18-июлда иштей баштаган. Жарым жыл ичинде ишкана 504 унаа чыгарып, алардын 456сы сатылган. 2025-жылы компания өндүрүштү арттырып, 3,8 миң унаа чыгарууну көздөөдө.

«Биздин завод 8 миңге чейин жеңил унаа жана 1,5 миңге чейин жүк ташуучу унаа чыгара алат», — дейт ишкананын жетекчиси.

Isuzu жүк ташуучу унааларынан тышкары завод Chevrolet унааларын чыгарат. 2024-жылы бул унаанын Cobalt, Onix жана Tracker сыяктуу үлгүлөрү чыгарылган. 2025-жылы  дагы беш үлгүсү чыгарылат: Malibu, Captiva, Traverse, Tahoe жана Suburban. Ошондой эле мартта T6 менен T8 үлгүсүндөгү JAC жол тандабастары жана пикаптар кураштырыла баштады. Алардын баасы болжол менен 2 млн сомго жетет.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду «Шоро» компаниясына Isuzu жүк ташуучу унааларын алууга кол кабыш кылып, үчүнчү ирет каржылык колдоо көрсөтүүдө. Буга чейин компания 20 унаа алган, эми дагы 40 унаа сатып алды.

«Компания техникалардын сапаттуу экенин көрүп, «Тулпар Моторстун»  унаалары менен автопаркын жаңылоого өтүүдө», — дейт  Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун башчысы Азиз Аалиев.

Жүк ташуучу унаалар жеңилдетилген лизингге алынууда. «Шоро» компаниясы заводго унаанын баасынын 30%ын төлөсө, калган 70%ын фонд берип жатат. Компания акчаны үч жыл ичинде (жылына) 5% үстөгү менен бөлүп кайтарат. Акчаны толугу менен төлөнгөнгө чейин унаалар фонддун менчигинде болот.

Буга чейин «Шоро» Самаркандда чыгарылган Isuzu жүк ташуучу унааларын сатып алып келген. Эми ал унаалар «Тулпар Моторс» заводунда кураштырыла баштагандыктан, аларды Кыргызстандын эле ала алат. Анын аркасы менен чыгымдар азаят, унаа тезирээк «колго тиет».

Учурда ата мекендик унаа өндүрүшүн колдоо үчүн бир катар иштер жүзөгө ашырылууда.

«Жеңилдетилген лизинг механизми, салыктык жеңилдиктер киргизилди жана өкмөттүн өнөр жай объетилерин ишке берүү боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынды», — дейт экономика министри Бакыт  Сыдыков.

Ал белгилегендей, 2024-жылы өлкөдө 102 өнөр жай объект ишке берилген. Ал эми 2025-жылы дагы 128 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Андан тышкары каржылоону жеткиликтүү кылуу үчүн жеңилдетилген лизингдин мөөнөтүн узартуу маселеси мамлекеттик деңгээлде каралууда.

Exit mobile version