Site icon Reporter.kg

“Ата-Мекендин” Матраимовдорго кандай тиешеси бар? Партиянын жообу

Factcheck.kg′нин башкы редактору Болот Темиров “Ата-Мекен” жана “Мекеним Кыргызстан» партиялары тууралуу видео материал жарыялады. Анда “Ата-Мекен” партиясынан талапкер Ин Ким Сен Райымбек Матраимовдун бир тууганы Исламбек Матраимовдун жакын санаалашы экенин айткан. 

“Исламбек Матраимовдун шеринесинде тартылган сүрөттө так ушул Ин Ким Сенди көрүүгө болот. Мындан улам өзүн оппозиция атаган партия кимдин адамдарын тизмеге киргизип жатканы түшүнүктүү болот”, — деген Темиров.

Бирок “Ата-Мекен” бул тууралуу билдирүү таркатып, аны фактылар менен бышыкталбай ойлоп табылган материал атады.

Жыйынтык мындан 4 жыл мурунку ар кандай бейрасмий иш-чараларда тартылган сүрөттөргө таянып чыгарылган. Анда учурдагы “Өнүгүү-Прогресс”фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жана учурда ар кайсы партия менен шайлоого аттанган талапкерлер, ошондой эле Ким Ин Сен да бар.  Биринчиден Ким Ин Сен 2018-жылы эле бажыда башчылары алмашканда кызматтан төмөндөтүлүп, кийин жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.  Экинчиден Ким Ин Сен «Ата Мекендин» ветераны, Акаев, Бакиев жана Атамбаев учурунда партия мүчөсү болгон Асылбек Тагаев тарабынан сунушталган”, деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. 

 

 

Exit mobile version