«Ата Мекендин» штабына баргандар: Текебаев «вы никто» деген сөзү үчүн элден кечирим сурасын — видео

«Ата Мекендин» штабына баргандар: Текебаев «вы никто» деген сөзү үчүн элден кечирим сурасын — видео

Бүгүн, 21-ноябрда «Ата Мекен» партиясынын штабына белгисиз адамдар келип, депутат Өмүрбек Текебаевдин элден кечирим сурашын талап кылды. Бул тууралуу аталган штабда иштеген Орунбек Ибраимов Репортёрго билдирди.

Анын айтымында, штабга келген адамдар Текебаевдин чыгуусун талап кылып, кеңсеге кирүүгө аракет кылышты.

«Текебаев «вы никто» деген сөзү үчүн элден кечирим сурасын дешти. Эгер бүгүн кечирим сурабаса, эртең дагы мындан көп келе турганын айтышты», — деп билдирди Ибраимов.

Белгилей кетсек, «Азаттыктын» эфиринде Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулоо учурунда Өмүрбек Текебаев президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуевге «вы никто» деп айткан.

Текебаев Конституцияны өзгөртүүдө чоң каталар бар экенин билдирген.

17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>