Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергенге «Hyundai» борбору 2020-жылы чыккан унаа тартуулады — сүрөттөр

Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергенге «Hyundai» борбору 2020-жылы чыккан унаа тартуулады — сүрөттөр

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергенге «Hyundai» борбору 2020-жылы чыккан унаа тартуулады. Мирбек Атабеков жубайы күтүлбөгөн жерден жаңы унаалуу болуп калганын билдиргенин «super.kg» жазды.

«Ойлобогон жерден жубайым жаңы унаалуу болду. Мээрим экөөбүз бир жыл бою гив-оюн ойнотууну баштаганбыз. Анда 10 унаа (Хендай жана Рено үлгүлөрүндөгү), англия кварталынан батир, умра сапарына 7 жолдомо жана башка майда белектер ойнотулмак. Февраль айынын соңунда алгачкы унааны ойнотмокпуз. Мындан улам «Hyundai» борборуна барып унаа тандап жатканыбызда борбордун жетекчиси бизге сунуш жасады. Ал жубайым социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экенин айтып, Түштүк кореялык компаниянын Кыргыз өлкөсүндөгү жүзү болууну сунуштады. Компаниянын Түштүк Кореядагы кеңсеси жубайымды бул кызматка ылайык көрүшүптүр. Келишим түзгөндө буга чейин айдап жүргөн, 2008-жылы чыккан Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаабызды тапшырдык. Компания Мээримге быйыл чыгарылган Хендай Санта Фе унаасын тартууладв», — деп белгилеген Атабеков.

[su_image_carousel source=»media: 18470,18471,18472,18473″]

Ырчы учурда жубайынын унаасын талашып айдап жүргөнүн кошумчалады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>