Site icon Reporter.kg

Атайын багыттагы полкто окуучулар үчүн ачык эшик күнү өттү

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда окуучулар үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бул  тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, ачык эшик күнү 22-февралда президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын талаптарын аткаруу жана 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган.

«Ачык эшиктин жүрүшүндѳ мектеп окуучулары үчүн курал-жарактардын, атайын техникалардын көргөзмөсүн уюштуруп, кызматкерлердин күнүмдүк аткарган кызматы жана күжүрмөн даярдык машыгуудагы кѳнүгүүлѳр кѳргѳзүлдү. Жогорудагыдай иш-чаралар келечек муундарды патриоттулукка тарбиялоого үндөйт», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version