Site icon Reporter.kg

Атайын кызмат УКМКнын академиясына кимдер тапшыра аларын айтты

Атайын кызмат генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы УКМКнын академиясына 2025-2026 окуу жылына курсанттар кабыл алына турганын жарыялайт.

Академияга тапшырууну каалагандардын 17-21 жашта, боюнча 1,7 метрден жогору, салмагы кеминде 60 кг болуш керек.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

* орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);

* өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбош керек;

* өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын катышат:

— дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү;

— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

— психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

— кирүү экзамендерин тапшыруу.

Кайрыла турган даректер:

— Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;

— Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;

— Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;

— Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;

— Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;

— Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;

— Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;

— Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кийинчерээк маалымат берилет.

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Мындан ары УКМК кызматкерлери Кыргызстанда даярдала баштайт

Exit mobile version