Site icon Reporter.kg

«Атам киши колдуу болуптур». Жалал-Абаддык Асылбаевдин сөөгүн койчу тапты

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 58 жаштагы Саттар Асылбаев 23-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын сөөгүн койчу тапканын маркумдун кызы Мээрим билдиргенин super.kg жазып чыкты.

Ал атасы киши колдуу болуп өлгөнүн айткан.

«Атам киши колдуу каза болуптур. Ал башы жабыркап, кабыргалары сынган абалда талаадагы чуңкурдан табылды. Атамдын жансыз денесин койчу көрүп калыптыр», — деди ал.

Белгилей кетсек, Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган. 

Exit mobile version