«Атама белек бергендин ордуна, көрүстөнүнө гүл коюп келдик». Элмирбек Иманалиевдин кызы атасын эскерди

«Атама белек бергендин ордуна, көрүстөнүнө гүл коюп келдик». Элмирбек Иманалиевдин кызы атасын эскерди

Бүгүн, 17-январда төкмө акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо 43 жашка чыкмак. Анын туулган күнүндө кызы Айзуура Иманалиева белек бергендин ордуна, ыйлап топуракка гүл коюп келишкенин «Инстаграмдагы» баракчасына жазып, атасын эскерди.

“Мындан туура бир жыл мурун, атамдын туулган күнүнө карата жолуктук… Атам көп учурда жолугушуулары болуп, шашып турар эле. Бирок, акыркы жолугушууларыбызда тескерисинче жаныбыздан кеткиси келбей, узакка кобурашып отуруп калчу болдук.

Ал күндөн көп өтпөй жаныбыздан таппай калдык. Бүгүн болсо белегибизди өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…..

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, атаке!

Сиздин нурдуу жүзүңүз биздин жүрөктөрдө түбөлүккө жашайт!”, — деп эскерди.

Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган.

Акын 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>