Атамбаев өткөргөн митингге Бабанов да катышат

Атамбаев өткөргөн митингге Бабанов да катышат

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» саясий партиялары «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюп, Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка сунушташууда.

Мына ушул биригүү тууралуу жарыяланган маалымат жыйында Бабанов бүгүн, эл топтоп Ала-Тоо аянтында митинг өткөрө тургандыгын жарыялады.

Ошондой Эле Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен өткөрүп жаткан “Форум” имаратынын жанындагы митингге катыша тургандыгын да билдирди. 

“Биз бийликти басып алууга жол бербейбиз. Азыр Жогорку Кеңеш гана калды мыйзамдуу. Ачык айкын шайлоо өтсүн, депуттар тандасын. Ошонун негизинде тандалган адамды шайланды деп анан шайлоого чыгалы. Анан 35-40 депутатты камап туруп шайланып алган туура эмес.  Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго кайрылат элем бири бирибизди жакшы тааныйбыз.Таза шайлоо өткөрөлү.

Мен Кыргызстандыктарга кайрылам,  баарыбыз бир бололу. Бүгүн, Ала-Тоо аянтында митинг өткөрөбүз. Азыр Технопаркта жана Опера жана балет театрынын жанында элди топтоп жатабыз. Жаштар Темир жолунун жанында чогулуп жатат. Азыр биз Форумга барабыз. Бүгүн биз Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрөбүз», -”деди Бабанов. 

Буга чейин өзүн премьер-министр атаган Садыр Жапаров Атамбаев жана Бабанов өкмөт үйүн күч менен басып алууга даярданып жатат деп билдирүү тараткан эле. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>