Атамбаев Батукаев боюнча тергөөнүн суроолоруна ЖМК аркылуу жооп бермекчи

Атамбаев Батукаев боюнча тергөөнүн суроолоруна  ЖМК аркылуу жооп бермекчи

ИИМ жетекчилеринин Алмазбек Атамбаевке жасаган аракеттери мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев тараткан билдирүүдө айтылат.

“Алмазбек Атамбаев  Батукаевдин иши боюнча бир нече жолу  комментарий берген, ал эми аны суракка чакырып жаткан баардык мамлекеттик органдарды укуктук талаага чакырган. Ага карабай ИИМ экс-президентти «суракка алабыз» деп укук талаасынан чыгууда.

ИИМдин Атамбаевке карата жасаган  чыңалуусун эске алып жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Алмазбек Атамбаев Батукаев боюнча тергөөнүн жазуу түрүндө берген суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр. Бирок сурак форматында эмес”, — деп жазган жактоочу.

Белгилей кетсек, ИИМдин тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаевди 3 жолу суракка чакырган. Мурдагы президент өзүн суракка чакыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, бир дагы жолу суракка барган эмес.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>