Site icon Reporter.kg

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта баштала турган Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Атамбаев сотко катышуу тууралуу ниетин билдирип, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болорун айтты”, — деп жазган Жолдубаева.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча тергелип бүткөн иш менен таанышкан соң,  Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөргөн. Райондук сот алгачкы отурумду 2-мартка белгилеген.

Бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган, Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга расмий айып коюлган.

Exit mobile version