Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой -Таштагы үйүнөн кармалды. Бул тууралуу “Slon.kg” өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Атамбаевге ИИМден 3 ирет чакыруу келген. Бирок ага Атамбаев 3 ирет тең суракка барган эмес. Ал Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары суракка чакырылып жаткан.