Мурунку президенттер Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин үйлөрү балдар борборлору болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда 200 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 35 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөт. Ошол эле учурда өлкөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялык кызматтар менен камсыз кылууда кыйынчылыктар бар.
“Ошондуктан, мамлекеттик менчикке өткөн Кыргызстандын мурунку президенттери Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу проспектиси 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрүнүн имаратында жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында үйүндө күнү-түнү иштеген балдардын реабилитациялык борборлору иштейт”, — деп айтылат маалыматта.
Борбордо нерв системасынын, таяныч-кыймыл аппаратынын же сезүү органдарынын майып оорулары менен жабыркаган, психикалык жана жүрүм-туруму бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылай алышат. Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирет.
Жогорудагы үйдүн курулуш иштери башталды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда