Site icon Reporter.kg

Атамбаев Москвага жетти (сүрөт)

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарында жайгашкан авиабазадан РусДжет авиакомпаниясынын ВС RRJ-95B  учагы менен Москвага учуп кеткен. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына аман-эсен учак «Внуково» аэропортуна конгонун жазды.

Жолдубаеванын айтуусунда, Атамбаевди жана аны коштоп баргандарды Федералдык күзөт кызматынын кызматкерлери Кремлге чейин коштоп барарын да айтты.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев менен чогу Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков барган.

Exit mobile version