Site icon Reporter.kg

Атамбаев Орусияга учуу үчүн Кант авиабазасына жөнөп кетти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга учуу үчүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгып Канттагы авиабазага жөнөп кетти. Учурда ал бир нече унаанын коштоосу менен авиабазага карай баратканын «Азаттык» радиосу түз алып берүүдө.

Ал үйнөн чыгып баратып журналисттердин суроосуна Орусияга Канттагы авиабазадан саат 12:30да учарын айтып, бул өлкөнүн эгемендүүлүгүнө эч кандай шек келтирбешин билдирди. Эгер «Манас» аэропорту аркылуу учса аны кармоо аракети мүмкүн экенин жашырган жок.

Ошондой эле Атамбаев Орусиядан 25-июлда кайтып келип саат 19:00дө Канттагы авиабазага конорун айтты.

Exit mobile version