Атамбаев Шамил Атахановдун көрсөтмөсү чын экенин тастыктады

Атамбаев Шамил Атахановдун көрсөтмөсү чын экенин тастыктады

Бүгүн, 2-сентябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү жарыяланды. 

Анда Атамбаев Батукаевди эркиндикке чыгаруу Жаныш Бакиевди кармап келүү үчүн ишке ашырылганын жазган. 

“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар.  Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө “Сокенин соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операцясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай”, — деп айтылат мурдагы президенттин билдирүүсүндө. 

Өткөн жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Шамил Атахановдун Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы берген көрсөтмөсү интернетке жарыяланган. 

Анда Алмазбек Атамбаев Батукаевди бошотуп, ал үчүн Жаныш Бакиевди кармап бергиле деп чечен лидери Рамзан Кадыров менен келишкени айтылат. 

Ошондой эле Атаханов көрсөтмөсүндө Батукаевди бошотуунун аркасында Атамбаев өзү туруп, ооз эки түзмө-түз буйрук берип турганын билдирген.

Бул билдирүүсү менен мурдагы президент Шамил Атахановдун ага каршы берген көрсөтмөсүнүн чын экенин тастыктады.  

Алмазбек Атамбаев билдирүүсүндө аны “Батукаевдин иши” боюнча соттоо Жаныш Бакиевди кармоону үзгүлтүккө учуратканын айткан.

Бирок эмне себептен “Жаныш Бакиевди кармоо операциясы” Батукаевдин 2013-жылы эле эркиндикке чыкканына карабастан дагы деле ишке ашпай келгендигин айткан эмес. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>