Атамбаев Социал-демократтар партиясынын мүчөсү кармалганын билдирди

Милиция Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышеваны кармады. Бул тууралуу партия лидери Кадырбек Атамбаев 12-январда «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди. Анын айтымында, Самышеваны ИИМдин экстремизм менен күрөшкөн 10-кызматы «Тамара» кафесинен кармап кетип, кийинчерээк аны Бишкек шаардык милициясына которушкан. Атамбаев партия мүчөсүнүн кармалышын коркутуу, басым жасоо аракети катары көрөрүн билдирди. Ачкачылык кармаган Султанбековду тез арада ооруканага жаткыруу керектиги айтылды