Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова кабарлаган.

“Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат. Шектүү андан баш тартып койсо болот. Кечээ экс-президент баш тартты. Ал башынан эле тергөө менен кызматташуудан баш тарткан”, — дген ал.

Ошондой эле Кодуранова кесиптеши Ирина Карамушкина экөө психиатриялык экспертизадан өтүшкөнүн кошумчалаган.

Буга чейин ИИМ Атамбаев өзгөчө оор беренелер менен айыпталып жаткандыктан, соттук-психиатриялык экспертиза дайындалгандыгын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>