•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРМАКАЛАЛАРСАЯСАТ

Атамбаев түзгөн КСДП жоголуу алдында турабы?

“КСДП – сенин ишенимдүү тирегиң”,  “Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу!” деп ураан менен чыккан ошол кездеги Алмазбек Атамбаевдин партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биринчи оорунга жетишкен.

Politmer порталындагы маалыматка караганда, КСДП партиясынын шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда элге берген убадаларынын жалпы саны 107ге жеткен. Бүгүнкү күндө анын болгону 35и аткарылганы аталган порталда көрсөтүлгөн.

Мисалга алсак, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП партиясын жетектеген Чыныбай Турсунбеков Кара-Балта шаарынын жашоочулары менен жолугушууда Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) көлөмүн 400 млрд сомдон 800 млрд сомго чейин көтөрүүгө убада берген. Бирок 2019-жылдын аягында ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түзүп, берилген убада толук кандуу аткарылган эмес.

КСДПнын депутаттарынын басымдуусу бардык чакырылыштагы парламенттин курамына кирген. Учурда 38 депутаттын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктары аяктап баратат. Төрт жыл ичинде (2015-2019) социал демократтар тарабынан жалпы 241 демилге көтөрүлгөн. Парламенттеги мыйзам долбоорлорун көп сунуштаган, эң жигердүү депутаттар дагы КСДП фракциясынан. Парламентте демилгеленген ар бир экинчи мыйзам долбоорунун авторлору дагы КСДПдан депутат болгондор. VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн биринчи жылында 150 мыйзам долбоору каралган. Иштеп жаткан мыйзам долбоорлорго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча 120 демилге, толук түрдө 30 мыйзам иштелип чыккан. Депуттар тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун 53үнө буга чейин кол коюлган.

Төрт жыл ичинде 75 мыйзам долбооруна демилгечи болгон эң активдүү депутат Дастан Бекешев. Ал эми эң эле демилгесиз депутат Өмүрбек Бакиров. Ал төрт жыл ичинде бир дагы мыйзам долбоорун иштеп чыккан эмес.


Депутаттардын ар бир жыйынга катышуу керектиги Конституцияда так көрсөтүлгөн. Эгерде, эл өкүлдөрү 30 же андан ашык жумушчу күнү ишке чыкпай койсо анда мандатынан ажырайт. Депутаттар көптөгөн чиновниктер сыяктуу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен, мамлекеттик буюджеттен айлык алышат. Бул – жарандар депутаттарга кайрылып, алардын ишинин жыйынтыгын талап кылууга укуктуу дегенди билдирет.

Бирок депутаттар көпчүлүк учурда жыйындарга катышпагандыктан алардан жыйынтык талап кылууга деле болбойт. Politmer порталындагы маалыматка караганда, жумушка чыкпаган депуттардын алдыңкы сабында Осмонбек Артыкбаев турат. Анын жумушка чыкпашынын себеби көпчүлүккө маалым.  Ал Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык ишке байланыштуу 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын декабрь айынын соңуна чейин камакта болгон.

Экинчи орундагы жумушка көп чыкпаган депутат катары Абдыбахап Нурбаев, андан кийин ошол эле СДПКдан депутат болгон Асел Кодуранова көрсөтүлгөн.

КСДПдагы кризис

Шайлоодон 3 жыл өткөн соң КСДПда ажырым пайда болду. Ажырымдын чыгышына экс-президент Атамбаев менен азыркы президент Жээнбековдун тиреши, буга утурлай эле “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын чыгышы себеп болгон.

2019-жылдын 3-апрелинде “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, чогулгандар лидери Сагынбек Абдрахмановду сөз болуп жаткан партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарган. Ал эми көп жылдан бери партиянын төрагасы болуп жүргөн Алмазбек Атамбаев партиядан чыгарылган. Ошол эле күнү Асылбек Жээнбеков “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын” катарынан чыкканын жар салган.

Ал эми 2019-жылдын 6-апрелинде Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП “Медиа Форумда” курултай өткөрүп, алар 3-апрелде өткөн Абдрахмановдун курултайын “фейк” деп атаган.

Бирок көп өтпөй Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган. Кайра катталган документте партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) катары Эркиндик 45 дареги жазылган.

Буга жооп кылып Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДП муну рейдерлик деп атаган.

Ал эми Абдрахманов журналисттерге маалымат берип, мыйзамдуу жол менен КСДПнын лидери болгонун айтып, Атамбаевден КСДПнын бардык мүлкүн, партиянын мөөрүн жана штамптарды берүүнү талап кылган. 

“Эки достун” тиреши тереңдеп отуруп, 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш окуясы болуп өттү. Анда Атамбаевдин партиясы менен депутат болгон 38 депутатын ичинен төртөө  гана – Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Анвар Артыков мурдагы президентти колдогон.

32 депутаттын айрымдары калыс пикирди карманышса, айрымдары ачык эле Атамбаевди сындап чыгышкан.

Атамбаев президент болуп турганда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаевди “журт атасы” деп атаган. Бирок бийлик алмашкандан кийин кезинде Атамбаевдин эң жакын досу болгон Иса Өмүркулов аны сындап чыккан.

КСДПдагы экинчи ажырым

Жакында эле Атамбаевди колдогон КСПДнын ичинде ажырым пайда болгону белгилүү болду. Партиянын саясий кеңешинин соңку жыйынында жетекчилик алмашып, бир катар мүчөлөр партиядан биротоло чыгып кетишти.

КСДПнын ичинен дагы бир партия бөлүнүп чыгып, Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев “Кыргызстан социал-демократтары” деп аталган өз алдынча партия түзүп алганы белгилүү болгон.

Атамбаевдин уулдары жаңы партиясынын расмий бет ачары азырынча өткөрө элек. Бирок алар КСДПнын атрибуттарын колдонуп, күзүндө парламенттик шайлоого барары белгилүү болду.

Ошентип буга чейин бийликтин партиясы аталган КСДПнын алдыдагы тагдыры бүдөмүк. Мындан ары “Биримдик” партиясы КСДПнын “оордун ээлеп” бийликтин партиясы болот деген кептер айтылууда.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

БШК: Парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышуу ниетин билдирди. Тизме

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Парламенттик шайлоого катышуу боюнча БШКга 35 партиядан билдирүү түштү– тизме

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү жарлыгына кол койду

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Кайрат Примбердиев шайлоолордо ырдап жүргөнү үчүн элден кечирим сурады

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *