Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү талабы менен бошотулат

Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү талабы менен бошотулат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгат. Бул маалымат Reporter.kg басылмасына өздүк булактарыбыздан келип түштү.

Маалымат булагыбыздын айтымында, Атамбаевди абактан чыгаруу боюнча Орусиянын президенти менен Кыргызстандын жаңы бийлигинин ортосунда сүйлөшүү болгон.

Анда, Атамбаев эркиндикке чыккан соң ал өлкө аймагынан чыгып кетиши керектиги дагы белгиленген.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген.

Ал эми Жогорку сот 1-декабрда Атамбаевдин бөгөт чарасы тууралуу маалымат таратып, эгерде мурдагы президенттин жактоочуларынан өтүнүч   келип түшсө анда Биринчи май райондук сотунда иш кайрадан караларын билдирди. Ушул эле күнү жактоочу Замир Жоошев  Атамбаевди абактан бошотуу боюнча өтүнүч менен райондук сотко кайрылганы белгилүү болду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бир адамдын өмүрүн алган Кой-Таш окуялары боюнча дагы бир соттук иштер аягына чыкпай келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>