Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон Үсөн Ниязбек уулу аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды.
Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбек уулу 47 жаш курагында каза болгон. Артында 6 баласы калган.