Site icon Reporter.kg

Атамбаевди мажбурлап сотко алып бара жатканда жаракат алган

24-март күнү Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов № 47 түзөтүү мекемесинде мониторинг жүргүзүп, кээ бир жазасын өтөп жаткандар менен маектешип, андан соң мекеменин жетекчисинин орун басары Н.Сүйүнбаевдин пикирин укту. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, № 47 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан Алмазбек Атамбаев менен да Акыйкатчынын өкүлдөрү жолугушуп 23-мартта Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун алдында болгон окуя боюнча пикирин угушту. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, 23-мартта ал сотко бара албастыгы тууралуу арызын саат 11 чендерде бергенине карабастан, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап жеткирилген. Мажбурлоо менен сотко алып барылгандыгына нааразычылыгын билдирип, бул иш аракеттер ага карата басым катары баалаганын айтты. Эки күндөн бери кан басымы бирде көтөрүлүп, кайра түшүп жатканын, 23-мартта сотко мажбурлап алып барылганда денесинде жаракат бар экенин айтып, бутундагы такты көрсөткөн.
Ошол эле учурда, № 47 түзөтүү мекемесинин жетекчинсинин орун басары 23-мартта Алмаз Атамбаев өзү сотко барам деп чыккандыгын, бирок сотко баргандан кийин машинадан түшпөй койгондугун, мажбурлап чыгаруу болбогондугун айтты.

№ 47 түзөтүү мекемесинин имаратында дайыма видео көзөмөл жүргүзүлгөнүнө байланыштуу, Акыйкатчынын, Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун өкүлдөрү видео көзөмөлдүн жазууларын көрсөтүүнү талап кылган. Бирок видео көзөмөлдүн жазууларын көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок, себеби мекеменин жетекчилигинин айтымында, жазууну борбордук аппараттан гана көрсө болот. Бул боюнча жеринен акт түзүлдү, видео көзөмөлдөгү тартылган жазууларды берүү талабы Жазаларды аткаруу кызматына жөнөтүлдү.

Андан сырткары, А. Атамбаевдин өкүлдөрүн катыштыруу менен аны медициналык кароодон ыкчам өткөрүү боюнча расмий талап Акыйкатчы тараптан мекемеге берилген, бирок А.Атамбаев медициналык кароодон өтүүдөн жана арыз жазуудан баш тартты.

Бардык тараптардын расмий маалыматтары алынгандан кийин, Акыйкатчы тиешелүү иш чараларды мыйзам чегинде улантат.

Алмазбек Атамбаевди сотко ич кийимчен алынып келгени сынга кабылды  

Exit mobile version