Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

УКМКнын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Болот Сүйүмбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча изделүүдө.

Ал буга чейин аталган иш боюнча бир нече жолу суракка чакырылып, бирок келген эмес.

Андыктан ага шектүү катары издөө жарыяланган. 

“Болот Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында. 

Белгилей кетсек, Болот Сүйүмбаев 2018-жылы 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.

Ошондой эле Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Атамбаев ага президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>