Атамбаевдин сүйлөшүүлөрү жазылган видеого боюнча прокуратура териштирүү баштады

Атамбаевдин сүйлөшүүлөрү жазылган видеого боюнча прокуратура териштирүү баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочусусунун сүйлөшүүлөрү жазылган видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу “Репортерго” Башкы прокуратыранын басма сөз кызматы билдирип, аталган факты Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (“Өзү, же башка адамдар үчүн пайда алуу же жеке кызыкчылык үчүн жасалган жосун”) менен электронный журналга катталганын айтты.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин камакта отурган учурда жашыруун тартылган видео колуна тийгенин кабарлаган. Видео жазылган дискти Жоошевге берген адам 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңешке кирген учурда Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>