Site icon Reporter.kg

Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Соттун алдына чогулушту

Бүгүн, 22-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Соттун жанына чогулушту.

Ушул тапта  50дөй адам Жогорку Сотту “адилет чечим чыгаргыла” деп талап кылып жатышат.

Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карайт. Бүгүн сот Атамбаевди экриндикке чыгат деген да маалыматтар чыгып жаткан болчу.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Exit mobile version