Атамбаевдин туулган күнүнө арналган чыгармачылык кече болбой калды

Атамбаевдин туулган күнүнө арналган чыгармачылык кече болбой калды

Бүгүн, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Анын туулган күнүнө карата пландаштырылган чыгармачылык кече өткөрүлбөй калды.  Бул тууралуу Атамбаевдин Инстаграм баракчасына жайгаштырылды.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жагдайга байланыштуу кече өткөрүлбөй турганын КСДП партиясынан кабарлашты.

Атамбаевдин тарапташтары 17-сентябрда Бишкек шаарындагы Горький эс алуу багына чыгармачылык кече уюштурушмак. Мындан тышкары Атамбаевдин туулган күнүнө топтолгон куттуктоолорду президентке жеткирүү аракеттери да көрүлөрүн белгилешкен.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан соң Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камакта калтырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>