Site icon Reporter.kg

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Жашоосунда биринчи жолу сотко суракка чакыруу алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Фуйсбуктагы баракчасына жазды.

Жоошевге  бүгүн, 13-декабрда саат 15.00дө Аскер прокуратарсына суракка чакыруу келген. Ал бүгүн эле саат 17.00гө аталган прокуратурага суракка баруусу керек.

Замир Жоошев эмне себептен суракка чакырылганы тууралуу маалымат так жазылбаганын сынга алып, ал «жактоочу менен барышым керекпи, жокпу»эч нерсе ачыкталбаганына нааразы болду.

Exit mobile version