Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдогон тынчтык митинги өтүүдө

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдогон тынчтык митинги өтүүдө

Бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындары тынчтык митингин өткөрүүдө.

Канат Сагымбаевдин бир тууган иниси Марат Раимбек уулу бүгүнкү тынчтык митингин бийлик өкүлдөрүнөн агасына акыйкат чечим чыгаруусун суранып өткөрүп жатышканын айтты.

Ошондой эле Сагымбаевдин атасы «балам саясаттын курмандыгы болуп жатат, акыйкат чечим чыгарып беришин президенттен суранабыз», — деди.

Белгилей кетсек, Канат Сагымбаев 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Ага адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана Кой-Таштагы башаламандыкка катыштыгы бар деген айып коюлуп жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>