Site icon Reporter.kg

«Атамды тынч койгула». Президент шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондорго кайрылуу жасады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарапка кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери. Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коёбуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот.

Ал эми мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле, Кудайга ишенем деп, дин жолунда жүрүшкөн жарандарыма айтарым:

Урматтуу жарандарым!

Мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан болгон. “Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз окуу” деп 8-классымдан баштап куран үйрөткөн адам болгон. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула. Бийлик тарап, шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жокпуз. Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем” деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет», — деп жазылат билдирүүдө.

Exit mobile version