Атасынын өлүмүнөн кийин Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктайбы?

Атасынын өлүмүнөн кийин Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктайбы?

Хабиб Нурмагомедовдун спорттук карьерасы тууралуу машыктыруучусу Хавьер Мендес пикирин билдирди.  Lenta.ru басылмасы жазгандай ал азырынча Хабибдин белгиленген беттештери өтөрү же өтпөсү белгисиз экенин айткан.

«Болжолдуу айтыш да кыйын болуп турат азыркы абал Хабибдин сентябрдагы беттешине кандай таасир берет. Бул байкуш баланын башында эмнелер болуп жатат чынында билбейм. Эгер беттешке чыгам десе да чыкпайм десе да аны колдойм. Жада калса карьерасын жыйынтыктайм десе да ал тарапта болом», — деген Мендес.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун Жастин Гэтжи менен сентябрь айында беттеши болору кабарланган.

Мушкердин атасы Абдуманап Нурмагомедов 3-июлда коронвирус илдетинен каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>