Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Бишкектеги Ататүрк сейил багында тыюу салынган жерлерге уруксатсыз салынган курулуштарды бузуу улантылып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, мындай чечим Түштүк магистраль паркын кеңейтүү боюнча жыйында кабыл алынган.

Буга чейин мэрияга караштуу Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы аталган жайдан мыйзамсыз тургузулган 8 күркөнү алып салган.

Шаар бийлиги жарандарга кайрылып, тыюу салынган жерлерге ар кандай мыйзамсыз объектилерди курбоого чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>