2 тонна шарапты Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирмей болушкан аткезчилер колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
«Кемин» ички салык постунда жалпы көлөмү 2 миң 80 литр болгон акциздик маркалары жок шарапты ташып келе жаткан унаа токтотулган.
Иш боюнча материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.