Site icon Reporter.kg

Аткезчилик менен өсүмдүк майын алып бара жаткандар кармалды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун «Достук» каналынын жээгинен чекарачылар «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк – 1500дөн ашык беш литрлик бөтөлкө өсүмдүк майы табылган.  Унаанын айдоочусу 1971-жылы туулган Н.П. экени такталып, ичинде жүргүнчү катары жүргөн  И.М.да бар болгон.  Жарандар Кыргызстандан Тажикстанга товарларды алып чыгууну көздөшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 1 миллион сомго жакын болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана жүктөр андан ары ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Exit mobile version