Site icon Reporter.kg

Аттестациядан өткөн мугалимдерге ай сайын 5 миң сомдон кошумча акы берилет — министрлик

Мугалимдердин ыктыярдуу аттестациясынын жыйынтыктары канааттандырарлык эмес болуп чыкты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

«Биз мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо максатында жаңы санариптик технологияларды иштеп чыгуудабыз. Бул үчүн жасалма интеллектти колдонуупландалууда. Азыркы тапта «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) түзүлдү.

Мугалимдерди атайын окутуп, андан кийин аларга өз алдынча өнүгүүгө жана аттестациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз.

Аттестациядан өткөн мугалимдерге ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө кошумча акы (надбавка) каралган. Азырбиз иштин жыйынтыгына жараша кошумча акы төлөнө турган KPI (башкы көрсөткүч индикаторлору) системасын иштеп чыгып жатабыз», – деди Кендирбаева.

«Быйыл бюджеттен мугалимдердинкесиптик ишмердүүлүгүн баалоо үчүн каражат бөлүндү. Бул жазалоо максатында эмес, кадр системасындагы кемчиликтерди аныктоо үчүн жасалып жатат:мугалимдердин билимин жогорулатууда кандай көйгөйлөр бар, мугалимдердин өздөрүнүн тажрыйбасы эмнеге муктаж. Мындан тышкары, биз педагогикалык жогорку окуу жайларга тапшырган абитуриенттерге талаптарды күчөтүп жатабыз.

Былтыркы жылы өтүү баллы быйыл — 1201ге көтөрүлүшү керек болчу. өтүү баллын жыл сайын10го көтөрүү», — деп кошумчалады министр.

Exit mobile version