Кочкор районундагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестатта одоно ката чыкты. Аны Коба Кобико аттуу алдам Фейсбукка жарыялап, билим берүү министрлигине карата нааразычылыгын билдирген. Соц тармакка жарыяланган сүрөттөн аттестаттын 2019-жылы 24-июнда берилгенин билүүгө болот.
Ал эми Билим берүү министрлигинин өкүлү Марина Гречанная жогорудагы каталарды типографияга шылтоодо. Бирок министирлик Кочкордо болгону 10 ката кеткен деп, аттестаттар кайрадан басылып чыгарыларын убада кылууда.