Кытайда оюн-зоок паркында 13-февралда кырсык болду. Аттракциондон кулаганда 16 адам жаракат алган. Бул тууралуу Синьхуа билдирди.
“Ишемби күнү Кытайдын борборундагы Хунань провинциясындагы оюн-зоок паркына селкинчек кулап, он алты адам жаракат алып, үчөөнүн абалы оор”, – деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн парк жабылды.