Site icon Reporter.kg

Атылган ак кунастар менен сүрөткө түшкөн жигит изделүүдө

Кызыл китепке катталган куштарды аткан адамдар изделүүдө. Интернет айдыңында эки адамдын атылган куштар менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, ал талкууну жаратты. 

Бул сүрөттөгү куштар кызыл китепке кирген ак кунастар экени айтылып, жан-жаныбарга мындай мыкаачылык менен мамиле кылган адамдар интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирди. 

 Көп узабай эле Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Туратбек Сатимбаев ЖМКларга билдирүү жасап, аталган жарандарга чара көрүү талабы менен укук корго органдарына кайрылганын айтты. 

«Сүрөттөгү канаттуулар — ак кунас (белый аист), Кыргыз Республикасынын кызыл китебине катталган. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна (өкмөттүн 2017-жылдын 18-августундагы №501 токтому) ылайык, атылган ар бир ак кунас үчүн айып пул 30 миң сомду түзөт. Канаттуулар Жалал-Абад облусунун аймагында атылышы мүмкүн», — деди Сатимбаев.

Азырынча, бул куштарга аңчылык кылып, кийин сүрөтүн жарыялагандар ким экени белгисиз. 

Алардын аты-жөнүн тактап, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн милиция сүрөттөгү жигиттерге издөө жарыялады. 

[su_image_carousel source=»media: 37109,37108″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version