Site icon Reporter.kg

Атыр Абдрахматова Акыйкатчылык кызматка шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы көпчүлүк добуш менен Акыйкатчылык кызматка шайлады.

Жалпы 78 депутат жашыруун добуш берүүгө катышкан. Алардын 50сү Атыр Абдрахматовага “макул” деп добуш берген.  Ал эми Бакыт Усенбаев 13, Мамат Момунов 9, Турсунбек 2 добуш алган. Баарына каршы 3 добуш беришкен.

Мыйзамга ылайык Акыйкатчылык кызматка Жогорку Кеңештин фракциялары көрсөтүп, жалпы депутаттар жашыруун добуш аркылуу шайлашат.

Exit mobile version