Август айында кандай аба-ырайы күтүлөт?

Август айында кандай аба-ырайы күтүлөт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги август айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп +22…+24 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +15…+17 градус жылуу болот.

Кыргызстан боюнча абанын айлык орточо температурасынын божомолу:

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +15…+20 градус жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз +25…+30 градус ысыктан +32…+37 градус ысыкка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 11-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-31 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15º, күндүз 25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (6-12 мм)

Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 23…25°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 25…30° жылуулуктан 31…36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°,  күндүз   25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (4-11 мм, тоо этектериндеги райондордо 8-32 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп, 16…18° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (31-39 мм, чыгышында 53-80 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 16…18º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болушу күтүлөт (13-28 мм).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>